# started 2014-08-16T14:18:21Z "Музыка (грек тилинен musike - музалар өнөрү) - дүйнөнү үн жана көркөм образдарда чагылдырган искусствонун бир түрү. Вивальди Антонио Григ Эдвард"@ky . "Антропология (грек тилинен anthropos - адам, logos - илим) - кишинин табигый тарыхы, жаралышы, эволюцияланышы, кишинин морфологиясы жана адамзат расаларынын пайда болушу жөнүндөгү илим.Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык илимдердин тармагына кирет. Бирок, адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, байыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мис., байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган калктардын Алтай, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, А-нын маданий А., этностук А., пед. А., популяциялык А., мед. А., экологиялык А., палеоантропология, физиологиялык А. деген тармактары да бар."@ky . "Токтогул Сатылган уулу/Сатылганов'Назима - кыргыз акыны, комузчу, төкмө"@ky . "Абиотикалык факторлорАбрамзонАвтоматташтыруу жана башкаруу минбары, КМТУ АдабиятАдабият таанууАдабият түрлөрүАзамат АлтайАзаттык үналгысыАзербайжандагы отпараздарАйгүл ШаршенАйтийбесАйтышАйыл чарбаАйырмачАкунов, АалыбекАкун, ТурсунбекАкулаАКШАкыйкатчыАлмамбетовАмерика Кошмо ШтаттарыАмурАнтропологияАралыктан (дистанттык) окутууАрча - (лат. Juníperus, орусча можжевельник)АрхеологияАрхитектураАсанов, ҮсөнАстрономияАталаАталык Атлах Африка пилдери"@ky . "Философия – (грек.) даанышмандыкты сүйүү. Философиянын бул аныктамасы анын алгачкы маанисин чагылдырып турат:Даанышмандык – тактап айтсак, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнүү.Философия чыныгы дүйнөнүн жана андагы адамдын ээлеген оордун эң алгач изилдеген жана аныктаган илимдин бир тармагы катары пайда болгон болмуштун чектерин таануу.Философия - маданияттын кандайдыр бир өсүп жетилген деңгээлинде, адам өзүн дүйнөдөн айрып (мен, мен эмес), аң-сезимдүү жан катары өзүнүн иш-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин таанууга аракет кылып, талдоо жүргүзүп баштаганда алып пайда болот. Бул дүйнөгө болгон аңдап таануу жана теоретикалык мамиле кылуу жолу. Андан сырткары, философияда дүйнөгө, өзүнө, өзүнүн билимине рационалдык - сын көз караштуу мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн дагы каралган. Адам өзүнүн билими чектелүү экендигин түшүнгөндө, ал ага тартылып баштаганда, даанышмандыкка болгон сүйүү – философия жаралат.Философ – бул өз билим деңгээлине канааттанбаган адам.Бул суроого жооп берерден мурда акылдуу адам менен акылман адамдын ортосундагы айырмачылыкты билишибиз зарыл. Акылдуу адам – көп билим алып, акылың кеңейткен адам, бул процесс төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейинки убакытты камтыйт, башкача айтканда мээ \"сиңирүү\" процесси. Акылман адам – бул табияттан же адам төрөлгөндө эле кан менен кошо берүлүүчү сапат. Философ – бул кыргызча акылман адам. Акылдуу адам эч качан акылман адам боло албайт. \"Философ болуп калыптанбайт – философ болуп жаралат\" Сократ. filokg Философия көнүмүш болуп, кылымдар бою калыптанып калган түшүнүктөргө макул болбой, алардын шексиздигинен күмөн санап, жаңы түшүндүрүү, жаңы билим, издөө керек деген ой жаралгандан башталат. Сократ: “Мен эч нерсе билбестигимди билем, бирок, калгандар аны дагы билишпейт”- деп айткан.Философия өзүнүн болмушундагы эң негизги суроолорго жооп издөө жана табуу катары каралат. Философия даанышмандыкка болгон сүйүү, туура жана акылдуу жашоо катары. И.Кантын айтканына ылайык, философия “адам деген эмне” суроосуна жооп бериш үчүн:- Мен эмнени биле алам?- Мен эмнени билишим керек?- Мен эмнеге үмүт кыла алам? - деген суроолорго жооп бериши керек.Дүйнөтааным жеке турмуштук жагдайлардын шарттары жана маданияттын таасири алдында калыптанат. Философиянын максаттары: дүйнөтаанымды системалаштыруу, б.а. тартипке келтирүү, байланыштарын тактоо, дал келишпөөчүлүктөрдү табуу, башкыны жана кадыресени айырмалоо. Философия, дүйнө тааным катары, адамдын жаратылыш менен эриш-аркак жашоонун ыргагын табууга жана өзүнүн жашоого болгон көз карашын аныктоого жардам берүү.Философиянын жыйынтыктоочу аныктамасы: Философия – дүйнөнү түшүнүү мамилесинин бүтүн системасы.Философиялык билимдин кеңири системасы буларды камтыйт:• Жалпысынан дүйнө, аны кыймылдаткан глобалдуу күчтөр, анын негизги уюшуу мыйзамдары жөнүндө – бул онтология (ontos - болмуш).• Адам, анын жаратылышы жана жашоодогу иш-аракеттеринин уюшулушу жөнүндө – бул антропология (antropos - адам). • Тааным, анын негиздери, мүмкүнчүлүктөрү жана чектери жөнүндө окуу/илим – бул гносеология.• Коом жана адамзаттын тарыхы жөнүндө, адамзатын жалпысынан караган окуу/илим – социалдык философия.• Баалуулуктардын жаратылыш жөнүндө окуу – бул аксиология.Өзгөчө тармак – бул философиянын тарыхы. Анткени көбүнчө философиялык маселелер аларды чечүүгө болгон мурунку аракеттердин тажрыйбасынын контекстинде каралат. Эреже катары, философтордун эмгектеринде баардык эле бөлүмдөр бирдей тегиз берилген эмес. Андан сырткары, маданияттын тарыхый учурларына байланыштуу тигил же бул бөлүм алдыңкы оорунга чыгып турат.Философия түшүнүгү дүйнө таанымдын түркүмү катары. Уламыш, дин, философия – дүйнө таанымдын тарыхый түркүмдөрү: алардын жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү.Уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы. Дин орто кылымдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин, философиялык дүйнөтаанымдын негизи катары. Философия – дүйнөнү рационалдык түшүнүү.Ушуларды жыйынтыктаганда: дүйнөтааным – бул адам баласына аны курчаган дүйнөдө багыт табууга мүмкүнчүлүк түзгөн татаал, карама-каршылыктарынын биримдиги болгон окуулардын, баалуулуктардын, эмоциялардын, эрктин, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин жана күмөнчүлүктөрдүн биримдиги. Дүйнөтаанымдын өзөгү болуп билим таанылат. Ушул көз караштан алганда, дүйнөтааным кадимки, адистик жана илимий болуп бөлүнөт."@ky . "Дин –табияттан тышкары кереметүү илме кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Д. түшүнүгүнө диний мекемелер жана диний кызматкерлер да кирет.Д. коомдук аң-сезимдин өзгөчө бир формасы болуп, адамдардын жүрүш-туруш нормаларын жөнгө салуучу милдет да аткарат.Д-дин тарыхый жактан эң алгачкы формалары – магия, тотемизм, фетишизм, анимизм, арбакка сыйынуу ж.б.Дүйнөлүк диндер (жаралыш катары менен):Теңирчилик, Буддизм, Зороастризм, Иудаизм, Машаякчылык, Ислам."@ky . "Тил илими, же лингвистика, тил жөнүндөгү илим, адам тилинин түзүлүшүнүн жана кызматынын жалпы мыйзамдыры тууралуу илим. Жалпы (же теоретикалык) тил илиминин бөлүктөрү көп, мисалы тил түзүлүнүн (грамматика) жана маанисинин (семантика) илимдери. Грамматика Диалектология Лексикология Морфология Орфография Синтаксис Стилистика Фонетика Фонология"@ky . "Педагогика (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө)"@ky . "Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук). Укук жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык укук, конституциялык укук, үй бүлө укугу, эмгек укугу, кылмыш-жаза укугу), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укгу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-а